Биз менен байланышыңыз

Биринчи айым Айгүл Жапарова «Үмүт-Надежда» реаблитациялоо борборуна барды

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 714 | 0

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова «Үмүт-Надежда» реаблитациялоо борборуна барды. Бул тууралуу социалдык тармакта «Тумар» бийчилер тобу сүрөт жарыялады.

Президенттин жубайы  «Үмүт-Надежда» реаблитациялоо борборундагы майып балдарга белек бергени айтылат.

«Көптөн бери бийлей элек болчубуз. Бүгүн биздин борборго биринчи айым Айгүл Жапарова белектери менен келген экен, биздин группа бийлеп берди», — деп жазган «Тумар» бийчилер тобу.

«Тумар» тобун бийчи Атай Өмүрзаков негиздеген. Анда майып балдар-кыздар бийлешет. Алар «America’s Got Talent» телесынагы сыяктуу бир катар эл аралык сынактарда ийгилик жаратып келишет.

Өкмөт башчы «Тумар» бий тобуна акчалай колдоо көрсөттү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM