Connect with us

«Өлкөдө көмүскө басылып чыккан китептер көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2021 | 1067 | 0

Өлкөдө көмүскө басылып чыккан китептер көп. Бул тууралуу «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, диний, өзүн өнүктүрүү, бизнес тармагындагы китептер көп сатылат. Бирок кошумча нарк салыгы жогору (12%) болгондуктан, көмүскө китеп көп чыгарылат. Мындан улам канча китеп басылып чыкканы боюнча так маалымат жок.

Китепке каралган салыктар төмөндөтүлсө, сатууга, маркетингге, китептин бааларына да оң таасирин тийгизет.

Китеп окуу маданиятын жайылтуу үчүн мектептерде китеп окуу көндүмдөрүн жайылтуу шарт. Мындан тышкары ата-энеси китеп окуган бала да китеп окуйт. Андыктан ата-энелерге чоң жоопкерчилик жүктөлөт.

«Учурда жаңы китептердин баасы кымбат. Мамлекет башка тармакка каражатты кам санабай эле берет. Бирок китеп сатып алууга акча бөлүнбөй жатат. Мамлекеттик китепканаларга китеп сатып алууну приоритеттүү багытка айлантуу зарыл. Муну менен жок дегенде окуган коомду китепканага тарта алабыз», — дейт Абдуллаев.

Copyright © 2017 Maral FM