Биз менен байланышыңыз

Кадрларды даярдоодо кандай иштер аткарылууда?

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 833 | 0

Кадр кызматынын негизги максаты — мамлекеттик кызматка келүүдө баарына бирдей шарт түзүү. Ал конкурстук негизде ишке ашат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадр алгач сынактан өтөт. Аңгемелешүүдөн кийин резервге киргизилет. Андан соң гана мамлекеттик же муниципалдык кызматка сунушталат.

«Жашы да, карысы да электен өткөрүлүп, улуттук кадрлар резервине киргизилет. Андан ары кызматка сунуш кылынат. Тилекке каршы, кадрлар резерви акыркы мезгилде жакшы иштебей калган. Беш жылда болгону 66 адам резервге кирсе, анын 42си ушул күнгө чейин кызматка тартылбай турат. Ички резервди кошо жаңылап, бирдиктүү система түзүп жатабыз», — дейт Маматалиев.

Маалыматка ылайык, улуттук кадрлар резервине миңден ашык адамдан арыз түштү. Учурда кенже кызматтан тарта жогорку кызматка чейин кадрлар резерви даярдалып бүттү. Даярдоо, тандоо, жайгаштыруу системасы такталды. Аларды окутуу багытында да атайын программа иштелип чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM