Жакында Кыргызстанга Түркиядан 5 мобилдик клиника алынып келинет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кечээ 5-февралда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы «Оптима Техник» заводунда болушту.
Кыргыз Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы макулдашуунун алкагында Кыргызстан үчүн атайын 5 мобилдик клиника жасалган.
Көчмө клиникалардын базасында анализди ыкчам алуу үчүн компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография, рентген аппараты, гастроскопия, колоноскопия, офтальмоскопия, риноскопия, эхокардиография сыяктуу биохимиялык-лабораториялык жабдуулар камтылган диагностикалык бөлүм, ошондой эле офтальмологиялык операциялар бөлүмү да бар.