Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишин талкуулады.
Анын айтымында, финполиция коррупциялашкан деген пикирди өзгөртүүгө мезгил келди.
«Биз өлкө тарыхында ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен «саясий кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишүү учуру келди. Аны ишке ашыруу ар-бирибизден көз каранды. Күч-аракетибизди жумшап, жаңы деңгээлге чыгуубуз керек», — деди Мамытканов.
Ал 10 күн ичинде мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субьектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын, кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу тууралуу сунуш берүүнү тапшырды.