Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: «Саясий кереметке» жеттик, эми «экономикалык кереметке» жетели

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 1064 | 0

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишин талкуулады.

Анын айтымында, финполиция коррупциялашкан деген пикирди өзгөртүүгө мезгил келди.

«Биз өлкө тарыхында ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен «саясий кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишүү учуру келди. Аны ишке ашыруу ар-бирибизден көз каранды. Күч-аракетибизди жумшап, жаңы деңгээлге чыгуубуз керек», — деди Мамытканов.

Ал 10 күн ичинде мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субьектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын, кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу тууралуу сунуш берүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM