2020-жыл «Кыргызстан-Орусия эриш-аркак кызматташтык жылы» деп жарыяланды. Аталган жылдын салтанаттуу ачылышы 27-февралда Кремль сарайында өтүп, Кыргызстан менен Орусиянын искусство өкүлдөрүнүн чоң программадагы концерти тартууланды. Ага эки өлкөнүн мамлекет башчылары да катышты.
Эгер абал адаттагыдай болуп, жайбаракат турмуш уланып турганда, бул жылда көптөгөн маданий иш-чараларга күбө болмокпуз. Тилекке каршы, 2019-жылы Кытайдан башталып, 2020-жылы тездик менен бүтүндөй дүйнөгө тараган COVID-19 пандемиясы көптөгөн план-программа, максат-тилектин ишке ашуусуна өз кедергисин тийгизди.
Кыргызстанда Коопсуздук Кеңешинин чечими менен 16-марттан тарта киргизилген өзгөчө абал, 22-марттан тарта киргизилген өзгөчө кырдаал режими бардык мекеменин ишин токтотууга мажбурлады. Шаңга толгон сахналар, кинозалдар, маданият үйлөрү заматта бош калып, каалгалары кулпуланды. Ырчылардын, музыканттардын учурдагы негизги киреше булагы болгон тойлор токтоп, тойканалар белгисиз мөөнөткө жабылды.
Анткен менен маданият тармагынын өкүлдөрү мүңкүрөп, кол куушуруп отуруп калбай, социалдык тармактар, интернет аркылуу ар кандай онлайн-концерттерди, биргелешкен аткарууларды коомчулукка тартуулап турушту. Мунун негизинде «Адамга адам керек», «Ишен», «Чыда» сыяктуу элге дем берген, ошол эле маалда «Өксүк ыры», «Чаңырык» сыяктуу учурдагы абалды чагылдырган жаңы обондуу ырлар жаралды. Айрымдары атайын топторду түзүп, кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте карантин шартынан улам каражат таппай калган колунда жок үй-бүлөлөргө жардам таратууга өтүштү.
Бул учурда театрлар биротоло жабылып, ансыз да адам аз барган жайлар таптакыр бош калды. Алардын айрымдары карантинден пайдаланып, оңдоп-түзөө иштери менен алек болсо, кээ бирлери кырдаалга ылайыктап, онлайн спектаклдерди коюп жатышты. Ал тургай, театрлар арасында онлайн-фестиваль да уюштурулуп, ага Апаз Жайнаков атындагы Баткен музыкалуу драма театры да катышкан. Аталган театрдын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбековдун айтымында, театрлардын имараты эле жабык болгону болбосо, чыгармачыл топ кадимкидей иштеп жүрдү. Онлайн түрүндө ар кандай сахналык көрүнүштөрдү, спектаклдерди коюп, ЖМКлар менен кызматташып турушкан.
Ал эми кино тармагына келсек, чү дегенде эле «Мекен» тасмасы интернетке чыгарылып, көрүүчүлөрдүн талкуусуна түштү. Тарткан топтун маалыматына таянып айтсак, бул тасма карантин киргизилгенге чейин эле тартылып, бирок кинотеатрларга коюуга уруксат берилген эмес. Мындан улам тасмага кеткен чыгым акталбай калгандыктан, алар «youtube» каналдар аркылуу жарыялап, каражатты жаап берүүгө жардам сурашты. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга учурунда жооп берип, карантин шарттарынан улам түзүлгөн комиссия июнь айында гана көрүүгө мүмкүнчүлүк алганын, тасманы кайрадан редакциялап чыгуу сунушун бергенин билдирген.
Муну менен катар, кино ышкыбоздорунун кызыгуусун жараткан, көрүүчүлөрдү экранга көбүрөөк топтой алган дагы бир тасма Бабур Тольбаев менен Нурлан Мирзаматов каржылап, Айбек Дайырбековдун режиссерлугу астында тартылган «Таң алдында» сериалы болду. Пандемия маалындагы кырдаал, ал учурдун оң-терс көрүнүштөрүн мазмунуна камтыган сериал элди белди бекем бууп, үмүттү өчүрбөөгө чакырды.
Албетте кадимки кинотеатрлар жабык болгонуна байланыштуу бул өңдүү тасмаларды элге көрсөтүү кыйынчылык жараткандыктан, маселелерди чечүү үчүн «Kasseta kg», «Этномедиа» онлайн кинотеатрлары ачылды.
Дагы бир кайгылуу жагдай, бул жылы каза табуулардын саны жылдагыдан алда канча көп болду. Айрыкча, мындай оор жоготууларга саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармагы өтө көп учурады. Маданият жана искусство өкүлдөрү көптөгөн өнөр адамын акыретке узатты. Бул боюнча статистикалык маалымат алуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине байланышканыбызда, алар 2021-жылдын январь айында маалымат жыйын өткөрүшөрүн, биз сураган жана башка маселелердин баары ошол жерде айтыларын билдиришти.
Июнь айынын аягы июль айынын башталышында катуу күчөп, чагылгандай тездик менен элге жайылып кеткен коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну элди катуу жабыр тарттырды. Мындай чукул бурулушту күтпөгөн бийлик өкүлдөрү алдастап турган учурда демилгени эл арасынан суурулуп чыккан улан-кыздар, чет жерде эмгектенген Кыргызстандын жарандары колго алып, өздөрүн өздөрү коргоого, жабыркагандарга жардам берүүгө өтүштү. Булардын катарында, сап башында өнөр адамдары, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү да болгонун айтпай кетүүгө болбойт.
Маданият тармагындагы дагы бир урунттуу учур, ушул жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыктардан кийин бийлик алмашып, мурдагы министр Азамат Жаманкуловдун ордуна буга чейин орун басары кызматын аркалап келген Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Кадырбеков алгачкы эле ишин маданият кызматкерлерин үйлүү кылууга аракет жасоо менен баштады. Тактап айтканда, министрлик «Бренд Хаус» курулуш компаниясы менен ар бир салган үйүнөн бирден батирди маданият кызматкерлерине белек кылуу боюнча келишим түздү.
Ошондой эле жыл этектеп калган маалда Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданият борбору ачылды.
Ал эми адабият жаатында сүйүнткөн жаңылык, ушул жылдын апрель айында күтүүсүз оорудан көз жумган Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» ырлар жыйнагы үй-бүлөсүнүн каржылоосу менен күз айында жарыкка чыгып, алгачкы басылышы 14 сааттын ичинде сатылып кеткени болду. Кыргыз адабиятынын тарыхында мындай бир күнгө жетпеген убакытта бардык нускасы сатылып кеткен учур алгачкы жолу катталып жатканын китеп дүкөндөрүндө иштегендер айтышты. Учурда аталган китеп үчүнчү жолу басылып чыгып, кайрадан сатыкка коюлду.
Жылдын дагы бир эң чоң маданий жаңылыгы манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Борбордук «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт 51 секунд тынбай «Манас» айтканы болду. Гиннестин рекорддор китебине катталуу, ошол эле учурда октябрь окуяларынан кийин чайпалып турган элди ынтымакка, биримдикке чакыруу максатында өткөзүлгөн бул иш-чарада миңден ашуун адам «Манастап» ураан чакырып, манасчыны сүрөп турушту.
Өткөн жыл ушундай окуялар менен узап бара жатат. Эң негизги, урунттуу делгендерин гана тизмектөөгө аракет жасадык. Албетте биз айтпай кеткен маданий жаңылыктар да болуп калышы мүмкүн. Себеби тиешелүү жактардан жалпы жыл ичинде болуп өткөн окуялар боюнча маалыматтарды алууга мүмкүн болбоду.
Адам баласы дайым жакшыны үмүт кылып жашайт эмеспи. Келерки жылда бир гана маданият жаатында эмес, бардык тармакта жакшылык болуп, элибиздин ден соолугу бекем, көңүлү куунак болсун деп тилек кылабыз.
Даярдаган: Жазгүл Садырова