Биз менен байланышыңыз

Карыпбеков: Кыргыздар лидерге муктажбыз 

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 830 | 0

Жаштардын көбү билимге умтулат. Мындай пикирин медиаэксперт, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кыргыздар туура багыттагы баалуулуктарга ээ лидерге муктажбыз. Социалдык тармакта саясий багыттагы билдирүүлөрүмдө талкуу көп болот. Тилекке каршы, бул өкүнүчтүү. Анткени саясат менен гана алек болуп, тамак жесе да аралаштырып жеп калдык, бул — өтө терс көрүнүш. Анткени саясаттан жакшылык күтүү мүмкүн эмес», — дейт Карыпбеков.

Анын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоого карата үгүт иштеринде Фейсбук менен Инстаграм социалдык тармактары көп колдонулат жана натыйжа берет.

Карыпбеков шайлоолордо добуш сатуу көп болуп жатканына тынчсызданды. Ал шайлоочулардын маданияты өсүп, добуш сатуулар токтосо, үгүт иштеринде интернет ресурстары маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM