Биз менен байланышыңыз

«VI чакырылыштын депутаттары кыргыздын шоруна жаралган»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2020 | 743 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары кыргыздын шоруна жаралган. Анткени эл өкүлдөрү кошоматка кой союп жатып, мурдагы президент А. Атамбаевди, экс-президент С. Жээнбековду аңга түрткөн, мына эми президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду да аңга түртүп жатышат. Мындай пикирин саясий серепчи Руслан Акматбек «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Парламент биринчи жыйында босого баллды төмөндөтүп, экинчи жыйында шайлоонун мөөнөтүн жылдырып жиберди. Ага өлкөдөгү саясий абал, пандемияны негиз катары карашты. Биринчиден, өлкө укуктук талаага келип, азыр саясий абал тынчыды. Экинчиден, пандемия убагында депутаттар качып кетпеди беле? Анан пандемиянын кандай тиешеси бар?», — деди ал

Акматбек мындан сырткары депутаттардын милдетин аткаруу мөөнөтүн коомчулуктан сурабай туруп узартып алганын сындады.

«Өзүм билемдикке салып узартып алышты. Коомчулук аянтка эмнеге чыкты эле? Нааразычылыктардын баары неге болду эле? Анын баары адилеттүү шайлоо өткөрүүнү камсыздоо болчу.  Депутаттар көрмөксөнгө салып жатышат. Алар Конституциялык реформаны көздөп жатышат. Бир жүйө болушу керек да. Тилекке каршы, ушул убакытка чейин чечимдердин баарын жүйөсүз чыгарып келдик», — деди серепчи.

Ал мындан сырткары 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда дароо колдогонун айтып, жалаң гана бийликтин кызыкчылыгына кызмат кыла турган мыйзамдар шашылыш кабыл алынарын эскертти.

«Алсак, сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамдарды шашылыш түрдө, эртең праламент көчүп кете тургансып кабыл алышат. Ушул жерден эле депутаттардын көмүскө максаттарын байкоого болот. Толкундоолордон пайдаланып, кээ бир күчтөр бизди белгисиздикке алып баратат. Булар чыныгы парламентке ээ болуудан, аны көзөмөлдөй албай калуудан коркту окшойт», — дейт Акматбек.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоп берди.

Добуш берүү ачык жүрүп, 83 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берди. Аталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM