Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз +16…+21;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;
Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17;
Бишкекте 15-октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21 градус болот.