Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Финансы министрлигинин жалпы жамааты элдин өкүлдөрү менен биргеликте чукул жыйын өткөрүп, элдик бийликти тааныганын айтышып, министрдин милдетин убактылуу аткаруучу катары Кыялбек Мукашевди бир ооздон сунушташты. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, учурда министрлик аркылуу өтүүчү бардык финансы операциялары токтотулду.
Ошондой эле, элдик комитет жана кошуундар түзүлүп, Министрликтин ишин штаттык режимде алып баруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Алдыңкы мезгилде Финансы министрлигинде турукташтыруу иштери жүргүзүлөт.