Биз менен байланышыңыз

Каржы министри: Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 715 | 0

Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Мындай билдирүүнү өлкөнүн каржы министри Бактыгүл Жеенбаева жасады.

Министр айым бул тууралуу кечээ өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум тууралуу пикирин айтып жатып билдирди.

Жеенбаева президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан тышкы карызды чечүүнүн 3 этабы сунушталганын эске салды.

Биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.

Экинчи этап — саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.

Үчүнчү этап — экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар — программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо, — дейт каржы министри.

Бактыгүл Жеенбаева форумдун жүрүшүндө «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга коронавирус пандемиясы кандай таасирин тийгизет, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ири тышкы карыздары бар жана алар БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын аткарууну уланта алабы?» деген сыяктуу суроолор жаралганын белгиледи.

Кыргызстан „Чоң жыйырмалыктын“ жана Париж клубунун жардамы менен тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду. Бирок бул чаралар, албетте, жетишсиз. Биз кошумча жолдорду издеп, ар кандай эл аралык аянтчаларда диалог жүргүзүп жатабыз, анын ичинде кечээ өткөн  «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аталышындагы эл аралык форум да бар, — дейт министр Бактыгүл Жеенбаева.

Copyright © 2017 Maral FM