Биз менен байланышыңыз

8 айда бюджеттер аралык трансферттердин көлөмү 1,6 млрд сомду түздү

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 537 | 0

«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, ушул жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 633 млн 278,0 миң сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүнүп берилди. Анын ичинде теңдөөчү трансферттерди каржылоого 1 млрд 341 млн 318,8 миң сом, максаттуу трансферттерди каржылоого 291 млн. 959,2 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Теңдештирүүчү трансферттер – жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлинин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар. Анын көлөмү жергиликтүү бюджеттин негизинде аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM