Биз менен байланышыңыз

5 айда 10,7 млрд сом мамлекеттик карыз төлөндү

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 628 | 0

Ушул жылдын алгачкы 5 айында мамлекеттик карызды төлөөгө 10,7 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттин тышкы жана ички карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 10 млрд 684 млн 246,6 миң сом сарпталды.

Анын ичинде:

-мамлекеттин тышкы карыз боюнча – 5 млрд 627 млн 830,8 миң сом;

-мамлекеттин ички карыз боюнча – 5 млрд 56 млн 415,9 миң сом;

Ушул жылдын 31-майына карата Кыргызстандын карызынын өлчөмү (тышкы + ички) 311,1 млрд сомду (4 млрд 454 млн долларды) түздү.

Анын ичинен:

-мамлекеттин тышкы карызы – 3 млрд 783 млн доллар (264 млрд 242,34 млн сом);

-мамлекеттин ички карызы – 670,86 млн доллар (46 млрд 859,88 млн сом);

Copyright © 2017 Maral FM