Биз менен байланышыңыз

Бишкектин дарыгерлери Баткен, Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды иликтейт

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 375 | 0

Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды иликтейт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Баткенде үй шартында той өткөргөндөргө айып салынды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу аталган аймактарга барат. Алар аталган аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктайт.

Акыркы убакытта Ош, Баткен облустарында коронавирустун жайылышы тездеди.

30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 669ду түзөт. Андан айыккандар 42 миң 879, каза болгондор 1 миң 64 адам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM