Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан карантиндик чектөөлөрдү жумшартат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 396 | 0

15-августтан тартып Өзбекстандын бардык аймактарында күндүз автоунаалардын жүрүүсүнө, ошондой эле ички аба жана темир жол каттамдарына уруксат берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев маалымдады.

Чектөөлөрдүн жумшарышы менен санаторийлердин, мейманканалардын, музейлердин, балдар лагерлеринин, сулуулук салондорунун, чач тарачтардын жана үстү ачык коомдук тамактануу жайларынын ишине уруксат берилет.

Жарандар үйлөрүндө белгиленген талаптарды сактоо менен 30дан ашык эмес адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрсө болот.

17-августтан тартып аймактар ортосундагы автоунаа кыймылын жана коомдук транспорттордун (анын ичинде шаар четиндеги автобустардын) ишин калыбына келтирүү пландалууда.

20-августтан кийим-кече, курулуш материалдарын саткан базарлар, ири дүкөндөр, спорттук залдар, фитнес-клубдар жана бессейндер иштей баштайт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия карантиндик чектөөлөр жумшартылганга чейин санитардык талаптардын алкагында ар бир ишмердүүлүктүн түрү боюнча эрежелерди иштеп чыгышы керек.

Өзбекстанда акыркы сутканын ичинде коронавирус жуктурган жаңы 671 бейтап катталды. Бир суткада Covid-19 вирусунан 1569 адам айыкканы аныкталып, бул оорунун кесепетинен 6 бейтап каза болду.

Расмий маалымат боюнча, учурда 1375 бейтаптын абалы оор, 410 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланып жатат.

Өзбекстанда жалпы 32 837 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 25 659 адам же 78 пайызы айыккан. Өлкө боюнча вирустан улам 208 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM