Биз менен байланышыңыз

Нарында ПЧР-анализин чыгаруучу көчмө лаборатория иштей баштады

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 544 | 0

Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден бери иштей баштады.

Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келген.

Маалыматка ылайык, бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.

26-апрелге карата Нарын облусу боюнча 85 адам коронавирус инфекциясы менен катталган.

Республика боюнча коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды.

Анын ичинен: стационарда – 304,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.


Пандемия учурундагы Рамазан айы: дүйнөдөгү көрүнүш (фото)

Copyright © 2017 Maral FM