26-апрелге карата бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 3
Нарын облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда — 1.
Бишкек шаарындагы 3 медик №3 эмкананын дарыгерлери экени айтылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды. Коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды.
Анын ичинен: стационарда – 304, анын ичинен алтоосу жандандыруу бөлүмүндө. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.