Бүгүн, 12-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 377 кишиге жетти.
— Жаңы катталган 38 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Ысык-Көл – 2 жана Нарын облусунда – 13 адам бар. Булардын бардыгы обсервацияда жаткандар, 25и аял, 13ү эркек, — деди Каратаев.
Тастыкталган 377 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
- Жалал-Абад облусунда – 89
- Ош облусунда – 119
- Ош ш. – 54
- Чүй облусунда – 21
- Баткен облусунда – 4
- Бишкек ш. – 59
- Баткен облусунда – 4
- Нарын облусунда – 25
- Ысык-Көл облусунда – 6.
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча обсервацияларга 1 миң 25 адам жайгаштырылган. Ал эми анализге келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 24 миң 885, бүгүнкү күндө 24 миң 356 анализ жасалды.