Биз менен байланышыңыз

12-апрель: Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 377ге жетти

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 918 | 0

Бүгүн, 12-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 377 кишиге жетти.

Жаңы катталган 38 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Ысык-Көл – 2 жана Нарын облусунда – 13 адам бар. Булардын бардыгы обсервацияда жаткандар, 25и аял, 13ү эркек, — деди Каратаев.

Тастыкталган 377 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

  • Жалал-Абад облусунда – 89
  • Ош облусунда – 119
  • Ош ш. – 54
  • Чүй облусунда – 21
  • Баткен облусунда – 4
  • Бишкек ш. – 59
  • Баткен облусунда – 4
  • Нарын облусунда – 25
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча обсервацияларга 1 миң 25 адам жайгаштырылган. Ал эми анализге келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 24 миң 885, бүгүнкү күндө 24 миң 356 анализ жасалды.

Copyright © 2017 Maral FM