Connect with us

Оштогу коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 1402 | 0

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлерин вице-примьер министр Кубатбек Бороновго, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Кыргыз Республикасынын башкы инфекционисти Гулжигит Аалиевге алар боюнча туура эмес маалымат берилип, абройлоруна шек келтирилип жатканын айтышып кайрылуу жолдошту.

Төмөндө алар жолдогон кайрылуу өзгөртүүсүз берилди.

«Кыргыз республикасынын вице-примьер министри К. Бороновго,
Саламаттыкты сактоо министри С. Абдикаримовго,
Кыргыз республикасынын башкы инфекционисти Г. Аалиевге

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын Коронавирус илдетине кабылган кызматкерлеринен

КАЙРЫЛУУ

Биздин кайрылуубуз төмөндөгүчө:
— Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын(кийин ДИС деп беребиз) кызматкерлери К. Бороновдун жана Г. Аалиевдин брифингин көргөндөн кийин, биздин жетекчилик Ош шаарынын эпидемиологдору туура эмес билдирүүлөрдү берип, биздин аброюбузга шек келтиришти деп эсептейбиз.
Себеби: биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес.
18.03.20 числосунда Ош шаарынын Черемушки кичи шаарчасында жайгашкан ФТБ-3түн аварийный имаратына 17.03.20сы кичи ажыдан кайтып келген жарандардан анализ алууга, анкета толтурууга ДИСтин башчысы Абжалов тарабынан киргизилген.
Дарыгердин айтуусу боюнча, ал жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес болгон. Шаар мэринин көрсөтмөсүнө карабастан, ал жерди жууп-тазалоо болгон эмес.
(Биздин оорукананын 1-корпусу ремонтко жабылганына байланыштуу, 2-4-бөлүмдөр 4 ай бою ошол жерде иштешкен жана 14.03.20күнү «обсервация болот» деп, шашылыш көчүрүлүп) имараттын ичи талапка ылайык хлор менен тазаланбаган, кварц жөнүндө ойлонулган эмес. Кийинки күнү умрадан келген жарандар аркылуу видео тартылып, интернет аркылуу жалпы кыргыз эли көргөн.
Умрадан келген жарандар өткөн коридор менен өтүп, туткаларды ачып, ошол аба менен дем алып, биздин дарыгерлер ошол имаратка кирип, «таза зона, кир зона» жок экендигин көрүп, Абжаловго телефон аркылуу билдирген. Ошол имаратта СИЗ костюмдарын кийип киришкен.
Улгайып калган жашына, өнөкөт оорулары бар экендигине, 3-бөлүмдүн дарыгери Аматованын телефон аркылуу эскерткендигине карабай, Абжалов жөнөтүп жибергендиги менен КР МЗ 156 приказын одоно түрдө бузуп, жалган маалыматты бергендиги менен «ар бир ак кызмат өтөгөн ДИСтин кызматкерлеринин аброюна шек келтирген»деп эсептеп, сиздерди аныктап- тактап, керек болсо комиссия түзүп, бизди актап, эл алдында төгүлгөн намысыбызды кайрып берет деген үмүт менен сиздерге кайрылуу жасадык.
Биздин коллектив ушул күнгө чейин «Дарыгер 2-3 жолу гана ремонтту көргөнү келген» деген жалган кептерди, «башка жактан жугузду» деп кой деп дарыгерден суранганын, жумушта бүтүндөй оорукана обсервацияга алынса да, толук кандуу иш-чара жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө телефон аркылуу айтсак да, көңүл бөлбөгөндүгүн, жана ушул күндөрү мас ахыбалында жүргөндүгүн да айта кетебиз. «Ар күнү түшүнүк кат жазың, ал жактан деп коюң «-деп биздин дарыгерди психикалык атакага алган.
Чындык издеп, чыркыраган ДИСтин кызматкерлери. 20 адам кол койгон. Подлинниги сакталуу» , — деп кайрылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM