Биз менен байланышыңыз

Жакында Кытайдан товар ташыла баштайт

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 1434 | 0

Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

-Бир жумадан бери кеӊешмелерди өткөрүп жатабыз. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда, — деди Боронов.

Буга чейин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да өлкөдөгү экономикалык тармак боюнча түзүлгөн республикалык ыкчам штаб кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандыруу маселесин карап, Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөткөнүн маалымдаган болчу.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус жуктурган 94 жаран катталды. Алардын үчөө бүгүн вирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.


30-март: Дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM