Connect with us

Бүгүн Бишкек инвестициялык форуму өтүп жатат

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 245 | 0

Бүгүн, 24-октябрда борбор калаада «Бишкек инвестициялык форуму» өтүп жатат. Иш-чаранын башкы уюштуруучусу ЖИА Бизнес Ассоциациясы.

Форумда ишкердик кызматташууга жана инвестиция тартууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш -чаранын алкагында компаниялар франчайзинг, жашыл технология, Кыргызстанда өндүрүлгөн жана креативдүү экономика сыяктуу тармактарда өз өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөткөн көргөзмө өтөт. Форумда чет элдик эксперттердин жана Борбор Азияда ийгиликтүү иш алып барган ишкерлер панелдик талкууларга катышат.

Бизнес-форумга кошуна өлкөлөрдөн тартып АКШ, Япония, Канада, Индия, Кытай, Орусия, Түркия жана Европадан жалпы 18 өлкөдөн бизнес- делегация келди. Жалпы 1500дөй адам катышууда.

BIF 2015-жылы негизделген. Бул жылдар аралыгында форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, 186 миллион АКШ доллардан ашык инвестиция тартылган.

BIF жыл сайын эң ийгиликтүү жана келечектүү бизнес долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Форумдун катышуучулары инвестиция, экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды жана өзгөрүүлөрдү талкуулашат. Ошондой эле кызматташуунун жаңы векторлорун табышат.

Copyright © 2017 Maral FM