Коменданттык сааттын 4-күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 29-мартка караган түнү саат 20:00 — 07:00 аралыгында эреже бузган 150 адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 8 автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулган.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.
Алардын ичинен:
— Бишкек шаары боюнча 119;
— Ош шаары боюнча 15;
— Жалал-Абад шаарында 8;
— Сузак районунда 1;
— Кара-Суу районунда 10;
— Ноокат районунда 1 адам кармалган.
«Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду. Жалпысынан алганда 4 күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн милиция тарабынан кармалды», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, борбор калаада 1 суткада 119 жаран эрежени бузгандыгы үчүн кармалган. Кармалгандардын арасында 104 эркек, 15 аял, жана анын ичинен 5 чет элдик жаран бар.
- ИИМ «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, 26-беренеде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармала турганын, жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кармала турганын эскертет.
Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.
18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус боюнча 58 жагдай катталган.