Connect with us

Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 3774 | 0

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Ал эми күндүз жарандар 3 себеп менен сыртка чыгуусуна уруксат берилет.

Саат 07.00дөн 20.00гө чейин

  • азык-түлүк дүкөнүнө;
  • дарыканага;
  • медициналык мекемелерге баруудан тышкары, калган жарандардын жүрүүсү чектелет. Муктаждык үчүн көчөгө чыккан жарандарда өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана колго толтурулган маршруттук баракчасы болушу керек.

Маршруттук баракча — бул жаран өз колу менен толтурган анкета, аны үлгүсүнө карап колдо толтурсаңыз болот.

Анда төмөнкү маалыматтар жазылышы шарт:

  • аты-жөнү;
  • телефон номери;
  • үйдөн чыккан себеби;
  • канча убакытта үйүнө барары;
  • жашаган жери;
  • бара турган жеринин дареги.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы 42ге жетти.

Бишкекте такси жана коомдук транспорттор толугу менен токтотулат

Copyright © 2017 Maral FM