Биз менен байланышыңыз

Ош: Мечиттерде жана коомдук транспорттордо дезинфекциялоо жүрүүдө

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 508 | 0

Ош шаарынын аймагында коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери Ош шаарындагы 78 мечитте, 3 медресе, 14 намазканада, 4 диний окуу борборунда, 6 диний коомдук уюмдарда санитардык-гигиеналык абалды көзөмөлдөө менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар мечиттерге таркатылып берилди.

Ал эми, “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде шаардык казыят тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча масштабдуу жыйын өткөрүлүп, имамдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, атайын адистер тарабынан шаардагы коомдук транспортторду, автобус жана троллейбустарды дезинфекциялоо иштери жүрүп, ар бир коомдук транспортко коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар илинди.

Copyright © 2017 Maral FM