Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 598 | 0

2019-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына Сирия аркылуу өтүүнү пландаштырып, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетип, кайрадан эл аралык террористтик уюмдун тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келип, алардын пайдасына пропагандалык ишти уюштурган 1996-жылы туулган «Ю.М.» аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM