Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -3…..2… күндүз: 6……..11°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 6………11°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: -2……3….күндүз: 8……..13°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: -2……3….күндүз: 8……..13°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -2…..-7..….күндүз: 3……..8°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -18……-23…..күндүз: -3..……-8°C
3-февралда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……-3°C, күндүзү 9………11°C.