Биз менен байланышыңыз

Ошто милиция жасалма акчаларды алып жүргөн чет элдик жаранды колго түшүрдү

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 548 | 0

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматынын аймактык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жасалма акчаларды алып жүргөн чет элдик жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Шектүү кошуна мамлекеттин 30 жаштагы жараны болгон. Ал жасалма акчаларды таратууга аракеттенген. Шектүүнү текшерген учурда анын жанынан 5 даана 100 долларлык купюра чыккан. Банкноттор бут кийимине катылган болуп чыкты.

Экспертиза акчалардын жасалма экенин аныктады.

Чет элдик шектүү кармалып, Ош милициясынын тергөө жайына камакка алынды. Сот анын баш коргоо чарасын карап, камакка алууну чечти. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Тергөө бул кылмышка тийиштиги бар башка жарандарды аныктоо ишин улантып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM