Connect with us

Колледждердин базасында сегиз окуу-өндүрүштүк комплекс ачуу пландалып жатат

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 443 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү жайларынын базасында окуу-өндүрүш комплекстерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүүнү пландап жатат. 2021-жылга чейин Кыргызстанда  мындай комплекстердин сегизи ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Окуу-өндүрүш комплекстери –технологиялардын акыркы талаптарына ылайык жабдылган заманбап өндүрүш мекемелери. Алар калктын муктаждыктары боюнча жүргүзүлгөн анализдин негизинде ачылган.

Комплекстер өзүн-өзү каржылоо системасында иш алып барат. Элге көрсөтүлгөн сапаттуу кызмат окуу-өндүрүш комплекстерин каржылоого, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана кесиптик лицей же колледждердин инфраструктурасына инвестиция салууга жардам бере алат.

Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырган Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу буга чейин кесиптик лицейлердин базасында төрт окуу-өндүрүш комплекстери ачылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM