Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын балбан кыздары Ысык-Көлдө машыгуу өтүп жатышат

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2019 | 606 | 0

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курамасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. Машыгуу 20-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу аталган күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова жана Назиар Марсбек кызы Кытайда өтүүчү континенталдык мелдешке даярдык көрүшөт. Аталган мелдеш 2020-жылы март айларында Кытайда өтөт. Анда Токио олимпиадасына лицензия ойнотулат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын кыздар курамасынан лицензия азырынча Токио олимпиадасына дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековада бар. Айсулуу быйыл Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатын утуп, чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM