Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: -2……3… күндүз: 9…..14°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: -2…..3….күндүз: 6……11°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 0……5….күндүз: 10…..15°C
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 3……8°C
Нарын облусунда
түнкүсүн: -8….-13…..күндүз: 0..…..-5°C
10-декабрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1……3°C, күндүзү 12…….14°C.