Биз менен байланышыңыз

Париж: Полиция менен кагылыш, жабыркаган журналист

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 736 | 0

Францияда президент Эммануэль Макрондун пенсия боюнча реформаларына каршы жалпы улуттук иш таштоо башталууда. Көптөгөн француздар президенттин реформасын өзүнүн жашоо образына каршы келген коркунуч катары кабыл алып, нааразычылык акциясына чыгышты.

Нааразычылыкка чыккандардын саны жарым миллионго жетти

Францияда пенсиондук реформага каршы нааразычылыкка чыккандардын саны 500 миңге жетти.

Профсоюздун маалыматына караганда, Парижде эле көчөгө 250 миң манифестант чыккан.

Полиция менен кагылыш, жабыркаган журналист

Париж шаарында демонстранттар менен полиция кызматкерлери кагылышты. Маалыматка ылайык, тартип сакчылары каршылык акциясына чыккандарга каршы көздү ачыштырган газ колдонуп аткылаган. Кагылышуу учурунда «Анадолу» агенттигинин фотокорреспонденти Мустафа Ялчын да жабыркаган. Бул тууралуу «Анадолу»агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, полиция аткан газ суюктугу журналисттин атайын коргоочу беткабын тешип өткөн. Натыйжада, алган жаракаттан улам көзүнөн кан агып баштаган.

Окуя болгон жерге медициналык кызматкерлер келип, биринчи жардамды көрсөтүшкөн. Учурда Ялчын ооруканада дарыланууда.

Жол кыймылдары токтотулду

Бул акцияга катышкандардын алдыңкы сабында жүргүнчүлөр менен мугалимдер бар. Париждеги баштапкы жана орто билим берүүчү мекемелердеги 80%га жакын мугалим жумушун токтоткон. Көп мектептер иштебей жабылып, чоң ылдамдыктагы поезд каттамдары токтоду.

Ошондой эле, борбор калаадагы Эйфель мунарасы да көрүүчүлөр үчүн эшигин жапкан.

Эң чоң кыйынчылык Бретань жана Прованс-Альпы-Лазур жээгиндеги аймактардагы жүргүнчүлөр үчүн болуп жатат. Маалыматка караганда, вокзалдарда топурап кезек күткөндөр көбөйдү. Марсель, Тулуз, Брест жана башка шаарларда поезддердин каттамы токтогон.

Париждин өзүндө бүгүн автобус менен трамвайдын отуз пайызы гана ишке чыгары алдын ала жарыяланды. Ошол эле убакта метронун көп каттамдары иштебей жабык турат.

Транспорт маселеси боюнча мамлекеттик катчы Жан-Батист Жеббари телеканалдан чыгып сүйлөп, «иш таштоо жакынкы күндөрү дагы уланат» деп айтты.

Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына караганда, күч түзүмдөрү 70тен ашык митинг катышуучусун кармап кеткен.

Көтөрүлүштүн себеби

Массалык иш таштоо акциясы өкмөттүн 42 өзгөчө пенсиондук режимин жоюу планына каршы болуп жатат. Учурда бир катар тармактын кызматкерлери, анын ичинде темир жолчулар, энергетиктер, юристтер пенсияга эрте чыгып, жакшы пенсия алышат. Франциянын өкмөтү өлкөнүн пенсиялык системасын каржылоодо миллиарддаган дефицит болот деп чочулап, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM