Эртең, 10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +11…+13 градус болот.