Биз менен байланышыңыз

Пакистан менен билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу талкууланды

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 363 | 0

Кыргызстандын Пакистандагы элчисы Эрик Бейшембиев Пакистандын Тышкы Иштер министринин орун басаары Сафдар Хайят менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда эки тараптуу мамилелер, парламенттик денгээлде иш сапарлары, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргызстан менен Пакистандын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө кызматташтык боюнча маселелер талкууланды.

Бейшембиев Кыргызстанда аба эркиндигинин бешинчи даражасын кабыл аланганына байланыштуу, Пакистандын авиа компаниялары үчүн Кыргызстандын аэропорттордун пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдалары жөнүндө маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM