Биз менен байланышыңыз

«Кирилл тамгалары кыргыз тилинин бузулуусуна түрткү болууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 1232 | 1

«Латын арибине өтсөк, көптөгөн тарыхый мурастардан ажырап калабыз» деген түшүнүк түркөй кишинин ою. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кирилл тамгалары кыргыз тилинин ички табиятына төп келбей, тилдин бузулуусуна түрткү болууда. Анткени, биздин тил эң оор тил, лингвистикалык негиздеме бере турган көрүнүштөрү көп. Ал эми латын арибине өтүү кыйынчылык туудурбайт. Латын алфавити боюнча элге маалымат жетпей жатат.

Латын арибине өтүү менен кирилл алфавити жоголбойт. Кыргыз эли кааласа да, каалабаса да кирилл алфавитинен кете албайт. Анткени, орус тили конституцияда расмий тил катары көрсөтүлгөн.

Латын арибине өтүүдө каражат кетет. Бирок материалдык байлык жоголсо, аны кайра калыбына келтирүүгө болот. Ал эми жан дүйнө, рухий байлыкты жоготуу азап.

«Биз СССР убагында рухий байлыкты жоготуп алып, улуттук өзгөчөлүккө тиешелүү маселелерде жалтактап, азыр ушул абалга келдик. Учурда нукура кыргыз алфавитин түзөлү деп жатабыз. Анан да алфавитке тыбышты белгилесек, йоттошкон тамгаларда маселе жаралбайт. Андан сырткары, «ө, ү, ң» тамгаларын жазууда белги коюп койсо болот. Анда маселе жок. Латын арибине өткөндө йоттошкон тамгалар болбойт», — дейт Мусаев.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилчилер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз латын алфавитинин» жаңы долбоорун талкуулашкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Майсалбек

    12.09.2019 18:28

    Кыргыз тили оор тил дейсиз, он күндө эле сүйлөп кетип жатпайбы чет элдиктер,ондогон жылдары, опол тоодой каражат жумшап, ойчул, окумуштуу филологторубуздун эмгегин өздөштүрө албай, көтөрө албай, онтойсуңар, чала сабаттуу байкуштар, душмандарга, элибизди макуртташтырууга кол кабыш кылып. Андан көрө, көчөлөрдөгү аталыштарды жөнгө салсаңар боло, аталыштар эки тилде гана болуусу керек! Акчалар эмнеге жумшалды?!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM