«Латын арибине өтсөк, көптөгөн тарыхый мурастардан ажырап калабыз» деген түшүнүк түркөй кишинин ою. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кирилл тамгалары кыргыз тилинин ички табиятына төп келбей, тилдин бузулуусуна түрткү болууда. Анткени, биздин тил эң оор тил, лингвистикалык негиздеме бере турган көрүнүштөрү көп. Ал эми латын арибине өтүү кыйынчылык туудурбайт. Латын алфавити боюнча элге маалымат жетпей жатат.
Латын арибине өтүү менен кирилл алфавити жоголбойт. Кыргыз эли кааласа да, каалабаса да кирилл алфавитинен кете албайт. Анткени, орус тили конституцияда расмий тил катары көрсөтүлгөн.
Латын арибине өтүүдө каражат кетет. Бирок материалдык байлык жоголсо, аны кайра калыбына келтирүүгө болот. Ал эми жан дүйнө, рухий байлыкты жоготуу азап.
«Биз СССР убагында рухий байлыкты жоготуп алып, улуттук өзгөчөлүккө тиешелүү маселелерде жалтактап, азыр ушул абалга келдик. Учурда нукура кыргыз алфавитин түзөлү деп жатабыз. Анан да алфавитке тыбышты белгилесек, йоттошкон тамгаларда маселе жаралбайт. Андан сырткары, «ө, ү, ң» тамгаларын жазууда белги коюп койсо болот. Анда маселе жок. Латын арибине өткөндө йоттошкон тамгалар болбойт», — дейт Мусаев.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилчилер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз латын алфавитинин» жаңы долбоорун талкуулашкан.