Биз менен байланышыңыз

7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд төлөндү

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 751 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд. 366 млн. сом төлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

2 015,5 млн. сом ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга, 1 982,6 млн. сом «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга жана «балага сүйүнчү» бир жолу берилүүчү төлөмгө 368,0 млн. сом республикалык бюджеттен жумшалган.

Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 855,8 сомду түздү. Ал эми социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3007,9 сомду түздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1-августуна чейин мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 495,5 миң адам болсо, 16 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөр – “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдарды алуучулардын саны 311,2 миң адамды түздү.

Ошондой эле пенсияга укугу жок социалдык жөлөкпулдарды алуучулар 92,7 миң жаран жана 91,6 миң жаран “балага сүйүчү” төлөмдү алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM