Ушул жылдын 1-июлуна карата 180,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул сандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2902 тоннага же 1,6 пайызга көбүрөөк. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындай өсүш малдын жана үй канаттуулардын көбөйүшүнө байланыштуу.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылга салыштырмалуу уй — 51 862 башка, кой-эчки – 90174 башка, жылкы – 17355ге башка жана үй канаттуулары 99279 башка көбөйгөн.
Белгилей кетсек, ушул жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык облустарында эт 2018-жылдын ушул мезгилине караганда көбүрөөк өндүрүлгөн
Мындан сырткары, алгачкы жарым жылдыкта 751,4 миң тонна сүт өндүрүлдү, 295493 миң даана жумуртка жана 12699 тонна жүн өндүрүлгөн.