Биз менен байланышыңыз

Башкырстан: Жол кырсыгы 6 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 1456 | 0

14-июль, жекшемби күнү Башкырстан өлкөсүнүн Архангельск районунда туристтерди ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен 6 адам көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, катуу нөшөрдүн айынан айдоочу унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Автобустун ичинде 39 адам болгон.

Кечээ 15 адам ооруканага жаткырылып, калгандарына да тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү айтылган. Бүгүн 15-июлда дагы 8 киши ооруканада дарыланууда, алардын бири жаш бала.

Окуя боюнча «жол эрежесин бузуп, адам өлүмүнө алып келди» жана «коопсуздук талабына жооп бербей, экиден ашык адамдын өмүрүн алды» деген жүйөлөр менен тергөө иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM