Биз менен байланышыңыз

«Уктабай унаа айдайм деп, кырсыкка кабылууда»

Коом | 11 Июл 2019 | 596 | 0

«Бишкек-Кара-Балта каттамында жол кырсыгы катталды»; «Чолпон-Атадагы жол кырсыгы 4 кишинин өмүрүн алды»; «Ысык-Көлгө бараткан коомдук транспорттун айдоочусу уктап кетип, кырсыкка кабылды». Акыркы күндөрү ушул сыяктуу кабарлар арбын. Кырсыктын келип чыгуу себептери көбүн эсе айдоочулардын жол эрежелеринин сактабагандыгынан экенин атайын адистер айтышат. 

Статистикалык маалыматка ылайык, Чүй жана Ысык-Көл облусунда жайкы эс алуу учурунда жол кырсыгы көп катталат. «Ысык Көл автобекети» ишканасынын башчысынын орун басары Өмүрбек Жанызаков мунун негизги себеби катары жеке ишканалар аркылуу жүргүнчү ташыгандар атайын көрсөтүлгөн эрежелерди сактабай уктап кеткендигине байланыштырат.

— Жайкы эс алуу учурунда жол кырсыктары көбөйөт. Негизги себеби, айдоочулар уктап кетишет. Автобекеттен чыгып жатканда, унаалар техникалык, айдоочулар медициналык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Диспетчерлер тийиштүү документтерине жана иштөө убактысына көзөмөл жүргүзөт. Ал эми бейрасмий каттаган транспорттор эртең менен келсе, бул жактан жүктөй калып, кайра кетишет экен. 416 чакырым, 8 сааттык жол, албетте, чарчашат, уктап кетери анык. Мына ушулар көзөмөлдөнбөй калууда.

Ал эми Бишкек шаарындагы «Тез жардам» борборунун директорунун орун басары Болот  Жээнбековдун айтымында, жайкы эс алуу убагында жол кырсыгына байланыштуу чакыруулар демейдегиден көбүрөөк болот. Алардын басымдуу бөлүгү — спирт ичимдигин колдонуп унаа айдагандар. Мындан сырткары, «Тез жардам» кызматы эң биринчи кезекте кырсык катталды делген чакырууларга барарын маалымдады.

— Бизде бригада эң биринчи кезекте жол кырсыгы катталды делген жерге жөнөтүлөт. Кырсык катталган жайларга барганда, айдоочу спирт ичимдигин ичип алган учурлар көп болот. Бизде алгачкы жардам көрсөтүү үчүн медикаменттер жетиштүү, бирок техника жана врачтар жетишпейт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адиси Талант Досов Чүй облусунда жол коопсуздугу үчүн камералар орнотулгандан бери кырсыктар жана жол эрежесин бузуулар азайганын билдирди. Ошол эле учурда, эс алуучулардын басымдуу бөлүгү агылган Ысык-Көл облусунда жол коопсуздугу дагы деле маселе жаратып жатканын жашырбайт. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аталган облуска камералар орнотулса, жол кырсыгы азаярын болжоп жаткандарын айтып, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан чаралар боюнча буларга токтолду:

— Чүй облусу боюнча 5 стационардык жана 32 көчмө пост каралды. Кызматкерлердин саны — 138. «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери Чүй облусу боюнча жол кырсыгы азайган. Ал эми Ысык-Көл облусундагы кырсыктардын басымдуу бөлүгү Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын тегерегинде катталат. Жайкы эс алууга келгендердин саны көбөйгөндүктөн, кошумча кызматкерлер тартылып, 24 сааттан иш алып барышууда.

Жол кырсыгына күбө болсоңуз, биринчи кезекте жеңил жаракат алгандарга жардам көрсөтүңүз. Жабырлануучуга жардам көрсөтүү учурунда, эң башкысы, өзүңүздү жоготпошуңуз керек. Мындай маалыматты 112 кызматы берди.

— Эң башкысы, өзүңүздү жоготпоңүз. Күтүүсүз кырдаал жаралбоосу үчүн абайлаңыз, авариялык чыракты күйгүзүп, атайын белгини коюңуз. 112 номуруна байланышып, абалды түшүндүрүңүз. Кырсыкка кабылган транспортко жакындаарда кылдат болуңуз, учтуу, кесүүчү каражаттар же техникалык суюктуктар бар болушу мүмкүн. Эң биринчи кезекте, жеңил жаракат алгандарга жардам көрсөтүңүз. Кырсыкка кабылган жарандын тамырынын кагышын, дем алуусун текшериңиз. Эгерде унаа күйүп жатса, жардам көрсөтө аларыңызга 100 пайыз ишенбесеңиз, унаага жакындабаганыңыз оң. Ар дайым эсиңизде болсун, ар бир унаада алгачкы жардам үчүн дары-дармек кутучасы бар.

Кошумчалай кетсек, 9-июлда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда кичи автобус оодарылып кеткен. Унаада 15 жүргүнчү болгон. Маалыматка ылайык, кырсык айдоочунун уктап кеткенинен келип чыккан. Ал эми андан мурдараак Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты катышкан жол кырсыгынан 4 киши каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM