Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кызмат учурунда каза болгон милициялар эскерилди

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 623 | 0

Бүгүн 15-май — Ички иштер органдарынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерүү күнү.

Датага байланыштуу иш-чара бүгүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгында да уюштурулду. Жетекчилик жана өздүк курам кызмат учурунда каза болгон кесиптештерин, алардын басып өткөн жолдорун эскерип, Куран окушту. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

«Ар биринин өз тагдыры, кыргыз милициясына кошкон өз салымы бар. Элеси ар дайым эсибизде калат», — деди облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Аскарбек Аширалиев.

Эске сала кетсек, Баткен облусунда кызмат учурунда 18 милиция кызматкери каза болгон. Алардын экөө Баткен облустук Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп жүргөн мезгилде каза болгон. Алар: милициянын ага лейтенанты Каныбек Исмаилов 2005-жылы 28 жашында жол кырсыгынан каза болгон. Ал эми милициянын капитаны Абдибаит Кудайбердиев 2006-жылы 39 жашында жол кырсыгына кабылып, жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Кызмат учурунда каза болгон милициялардын үй-бүлөлөрүнө жетекчилик тарабынан ар дайым жардамдар берилип, алардын жаркын элесине арналган спорттук иш-чаралар да уюштурулуп турат.

Copyright © 2017 Maral FM