1-майда, Оштун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик Согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш болуп, анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер министр Кубатбек Боронов баштаган жоон топ депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышкан. Аталган иш-чарада тартылган сүрөттөр социалдык тармактарда элдин кызуу талкуусуна түштү. Матраимовдордун аброю күч экенин, депутаттар ошол үчүн барганын айткандар да, биякта маанилүү маселе чечилбей жатса, жабыла тойдо жүрөт деп сынга алгандар да болду. Эл өкүлдөрү муну саясатташтыруунун кажети жок деп айтышууда. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев менен маек курдук.
— Социалдык тармакта депутаттардын Матраимовдор уюштурган спорттук иш-чарада жүргөнү сынга алынды. Аларды сындоого канчалык негиз бар?
— Албетте, бар болчу. Биз чыгыш эли болгонубуз үчүн ата-бабадан калган салтка ылайык, той бергенге, куран окутканга акыбыз бар. Бирок мамлекеттик кызматкерлер жумуш ордунда болбой, тойго кетип калып, коомдун кыжырын келтирген учурлар болуп келатат. Азыр көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан маселе — уран көйгөйү. Ага каршы чыккан митингчилерге саясатчылардын келбей койгону туура эмес. Бул бийликтин эл менен жакын эместигинин, элден ажырап кеткендигинин, элди тоготпогондугунун белгиси. Бул бийлик элдин кызыкчылыгын эч качан коргобойт. Алар эл аркылуу шайланып келген эмес, мандатын дүкөндөн товар алгандай сатып алган. Ошол үчүн кийин да ушул мандатты кайра эле сатып алам деп ойлойт. Бул биздеги шайлоонун, тандоонун иш жүзүндө болбой калганын далилдеп турат. Депутаттарды эмес, системаны күнөөлөшүбүз керек. Ошол үчүн азыр адамга эмес, системага каршы күрөшүүбүз керек.
— Мындай иш-чаралар көп эле өтүп келет. Бирок Матраимовдор уюштурганына саясий элитанын жабыла барышы эмнеден кабар берет? Матраимовдорун саясаттагы орду же кадыры жогорубу?
— Бул суроону баргандарга бериш керек. Балким туугандыгы, жакын мамилеси бардыр. Ар кандай себептери бар. Бул окуядан кийин биздин саясий коом жана бийлик бутактары үчүн Матраимовдордун аброю жогору экени билинди. Алар Матраимовдордун кадырын эмне себеп менен көтөрүп жатканы – башка маселе. Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеген адамдар – байлар. Бизде акылына, билимине, эл арасындагы кадырына карап сыйлабайт. Аларга сыйлык да бербейт. Бийликтегилерге бай адамдар, анан кошоматчылар керек. Ошол себептүү саясий системаны оңдошубуз керек. Матраимовду же Атамбаевди камап койсок, оңолобуз деген болбогон түшүнүк. Уран боюнча иштин башы Отунбаевадан чыгып жатпайбы. Балдардын сөөгү муздай электе (2010-жылы) уранды казууга уруксат бергени жөнүндө маалыматтар чыгып жатат. Анын канчасы чын, канчасы калп, билбейм?..
— Сот же атайын органдар чечим чыгарбаганы менен Раим Матраимов тууралуу калктын түшүнүгү башкача. Бажыда турганда коррупцияга малынган дегендей пикирлер бар. Эл шайлаган депутаттардын Матраимовдун иш-чарасына катышканы моралдык жоопкерчилик жагынан кандай болот?
— Биздин өлкөдө моралдык жоопкерчиликти жогору койгон адам оңой менен бийликке барбайт. Кыргызстанда саясатчы болуу үчүн 2 нерсе керек: акчаң көп болушу керек; анан уятың жок болушу керек; Биздин саясатчылардын арасында моралдык жоопкерчилик боюнча сөз кылсаң, сени шылдындап: «Бул байкуш бала бойдон экен, оокат кылышты билбейт турбайбы?» — дешет. Моралдык жоопкерчилиги бар адамдар саясатка оңой менен барбайт. Кокус аралашып калса да, аны түртүп чыгарып коюшат. Бизде акыркы 30 жылдан бери бийликте жүргөндөр бар. Бүгүнкү саясий системаны ошолор түзүшкөн. Азыр уялбастан, бизге акыл айтып жатышат. Мисалы, Убактылуу өкмөттү балдар канын төгүп жатып алып келип отургузду. А моралдык жоопкерчилик кайда? Жок дегенде, «биз уят болдук», же башка деп айткан жери жок. Ошолор эле Алмазбек Атамбаевди президент кылышкан. Азыр болсо жамандап жатышат. Алардын саясий принциби жок да. Ар кандай уят иштерин теледен чыгарса да, беттери кызарбай басып жүрүшпөйбү.
— Моралдык жоопкерчиликти пайда кылуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
— Акаевди да бир аксакалдын көрсөтмөсү менен эле президент кылышкан. Андан кийин Бакиевди да бир ууч топ эле алып келди. Мында элдин тандоосу жок. Ким президент, ким депутат болорун саналуу эле киши тандап коёт. Андыктан, тандоону элге берүү керек. Эл канча жек көрсө да, ошол эле саясатчылар кайра эле бийликке келип жатпайбы. Демек, элдин шайлоосу жок. Кыргызстанда демократия деген жок. Бийлик эл менен эсептешпей калды. Ошон үчүн бул системаны башынан иштеп чыгуу керек.