Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Айыпка нааразы болгон тарап кайда кайрылат?

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Апр 2019 | 648 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көзөмөл камералары тартып алган эреже бузуулар боюнча нааразы болгондор Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү борборуна кайрыла алат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде

«Бишкек шаарындагы Анкара көчөсү, 20 дарегинде мониторинг борбору ачылган. Жарандар борборго саат 18:00гө чейин кайрылышы зарыл. Мекеменин жарандарды кабыл алуу бөлүмү түзүлгөн протокол менен нааразы болгон жарандарды кабыл алат. Маалыматтарды териштирип, тиешелүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эреже бузууну далилдер менен көрсөтүп беребиз. Эгерде нааразы тарап ага да каршы болсо, анда арыз жазып калтырса, комиссия карап, чечим чыгарат», — дейт Саркулов.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 4-мартынан бери Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү борборуна миңге чукул жаран кайрылган. Алардын 209у арыз жазган. Комиссия 62 арызды айдоочунун пайдасына чечип берген.

Эске салсак, “Кыргызпочтасы” ар бир айып кагазды 16 сомго жеткирет.

Copyright © 2017 Maral FM