Биз менен байланышыңыз

Саркулов: «Коопсуз шаар» ишке киргени жол кыймылы жөнгө салынды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Апр 2019 | 597 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камера, аппараттык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктары кескин азая баштаганын билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында камералар орнотулган жерлерде былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы 38 %га азайды. Мындан сырткары, жол кыймылы жөнгө салынган.

«Жол эрежесин бузуунун сап башында белгиленген ылдымдыкты сактабоо турат. Андан соң, кесилиштерде жол белгилерине, чиймелерине баш ийбей, талаптарды так аткарбагандык болууда. Камера жолдогу жети мыйзам бузуу учурун гана каттайт. Мындан улам, башка эреже бузуулар боюнча камера коюлган жерде да биздин кызматкерлер турушу керек. Алар профилактикалык иштер үчүн да зарыл«, — дейт Саркулов.

Айта кетсек, камералар жолдогу жети мыйзам бузуу учурун каттайт:

  1. Жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кетүү;
  2. Каршы тилкеге чыгып кетүү;
  3. Автоунааны тротуар, газон, велосипед жолу менен айдап өтүү;
  4. Жол чырактын тыюу салган белгисине карабай, стоп-линияны кесип өтүү;
  5. Жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй коюу;
  6. Белгиленген ылдамдыктан ашып кетүү;
  7. Аялдама жана унаа токтотуу жайлары жөнүндөгү талаптарды аткарбай коюу;

Copyright © 2017 Maral FM