Биз менен байланышыңыз

Сагынбек Абдрахманов КСДП лидерлигине сунушталууда

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 1041 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидерлигине Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлиги сунушталат. Бул тууралуу партиянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн координатору Жылдызбек Турганов «Марал» радиосунун кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын бүгүнкү курултайында саясий кеңештин курамы да жаңыланышы күтүлүүдө.

«Талапкер катары Сагынбек Абдырахманов көрсөтүлөт деп турабыз. Уставга жараша өзгөрүүлөр күтүлөт», — дейт ал.

Ушул тапта «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы партиянын съездин өткөрүп жатат. Ага 300дөй адам келди. Жалпысынан 600 катышуучу болору күтүлүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM