Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Башкортостандын башчысынын милдетин аткаруучу Радий Хабиров менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 485 | 0

Бүгүн, 28-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Башкортостандын башчысынын милдетин аткаруучу Радий Хабиров менен жолугушту. Бул тууралуу  Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы Кыргызстан жана Башкортостандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы күч берерине ишеним билдирип, Радий Хабировду Башкортостандын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, аталган өлкөгө бакубат жашоо, алдыңкы жетишкендиктерди каалады.

Мындан тышкары, Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн VIII кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын, ошондой эле эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлорунун форумунун жыйынтыктары талкуулашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Радий Хабиров эки жактуу кызматташуунун оң динамикасын белгилешип, сапардын жүрүшүндө кол коюлган республикалардын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө келишимдерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн «жол картасын» кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.

Copyright © 2017 Maral FM