Connect with us

Түркия Ирак менен Сириядагы 32 объектиге абадан сокку урду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2024 | 405 | 0

Түркиянын коргоо министрлиги Ирак менен Сириянын түндүгүнө абадан ийгиликтүү операция өткөргөнүн жарыялады. Операцияда террордук уюмдарга таандык 32 объект жок кылынып, көп сандаган террорист зыянсыздандырылганын Түркиянын «Андолу» агенттиги маалымдады.

Расмий билдирүүдө белгиленгендей, операция 23-октябрда БУУнун Уставынын 51-беренесинде бекитилген өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында жүргүзүлгөн. Операциянын максаты террордук коркунучтарды жок кылуу жана Түркиянын чек араларынын коопсуздугун камсыздоо болгон.

Түркиянын аскерий департаменти террор коркунучу толугу менен жок кылынмайынча операциялар улана турганын баса белгиледи.

Билдирүүдө ошондой эле операция учурунда карапайым калкка, тарыхый жана маданий баалуулуктарга зыян келтирбөө үчүн бардык чаралар көрүлгөнү баса белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM