Ушул жылдын январь айында Каржы министрлиги мамлекеттик карызды төлөө үчүн 1,9 млрд сом, башкача айтканда, 27,2 млн доллар сарптаган.
Мунун 1 млрд 302 млн сому ички карыздарга сарпталса, тышкы карыздар үчүн 598.4 млн сом төлөнгөн.
Эске салсак, өткөн жылдын январь айында Каржы министрлиги ички-тышкы карыздар үчүн 1 млрд 481 млн сом бөлгөн. Анын 1 млрд сомдон ашыгы тышкы карызга, 475 млн сомун ички карыздарга жумшалган.
Белгилей кетсек, 2018-жылы мамлекеттик карыздарды жабууга 23 млрд 747 млн сом корогон.