Connect with us

16-мартта өлкө боюнча жалпы республикалык ишембилик өтөт

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 658 | 0

Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды.

Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.

Белгиленгендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өлкө Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын тиешелүү түрдө ишке ашыруу боюнча максималдуу күч-аракеттерди жумшоого тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM